Воскресенье, 19 мая

Кыргызстанды Орусияга кошкусу келгендер кимдер?

0

Кыргызстанда Орусияга кошулуу мүмкүнчүлүгү талкууланууда деген оюн Москвадагы кыргыз диаспорасынын төрагасы Раимкул Аттокуров Pravda.ru порталына берген маегинде айтты.

“Тарыхый тагдыр бизди чогуу болууну алдын-ала чечип койгон. Биз көптөгөн кылымдар бою чогуу болгонбуз. Биздин жалпы тарыхыбыз жана узак убакыт бою келечегибиз бар деп үмүттөнөбүз. Азыр көпчүлүк кыргыздар Россиянын республикаларынын бири болуу үчүн Россия Федерациясына кайрылууну ойлоп жатышат. “, – деди Аттокуров.

Мындай сүйлөшүүлөр чындыгында эле Кыргызстанда болуп жатабы же жокпу деген суроого Аттокуров “ооба, Кыргызстанда бар” деп жооп берди. “Албетте, тез арада жасоого болбойт. Бирок, менин оюмча, муну жасаш керек, анткени жашоо өзү бизди биримдикке түртөт”, – деди ал.

Аттокуров ошондой эле “Кыргызстан мурдагы СССРдеги орус тили мамлекеттик, конституциялык тил статусуна ээ болгон жалгыз өлкө” деп белгилеп, “Эл өзү муну колдойт. Албетте, Евразия экономикалык бирлигинде биздин катышуубуз ар тараптан оң таасирин тийгизип жатат”, – деди.

Раимкул Аттокуров мурда Кыргызстандын Орусиядагы экс-элчисиси болгон. Элчи катары Кыргызстандын кызыкчылыгын, эгемендүүлүгүн коргошу керек болгон мындай адамдын көз-карандылыкты жактоосу коомчулукту таң калтырууда.

Москвадагы кыргыз диаспорасын жетектеген Аттокуровду жарандыктан чыгаруу жана Кыргызстанга киргизбөө сунуштары да айтылууда. Бул сөздөр шайлоонун алдындагы атайын пиар экендигин айткандар да жок эмес.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз