Четверг, 21 ноября

БУУ: Европа Биримдиги эл аралык нормаларды бузууда

0

Европа Биримдигине кирген өлкөлөр эл аралык милдеттенмелерди жана нормаларды бузууда. Мындай пикирин Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет билдирди.

БУУнун 45-сессиясында сөз сүйлөгөн Мишель Бачелет «Европа Биримдигине кирген өлкөлөр көчмөндөрдүн массалык түрдө департация кылып, өзүнүн аймагынан айдап чыгууда», — деп айтты.

Бачелет Грециядагы качкындардын «Мория» деп аталган эң чоң лагериндеги өрттү эске салып, бул кырсык миңдеген көчмөндөрдүн тагдырына таасир тийгизгенин билдирди.

БУУнун жогорку комиссары Европа өлкөлөрүн жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

Грециянын көчмөндөрдү Түркияны көздөй айдап чыкканын сындаган Бачелет, «Көчмөндөрдүн массалык түрдө ЕБ аймагынан чыгарылуусу аларга оор залакасын тийгизет», — деп айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз