Суббота, 11 мая

Газа тилкесинен Израиль тарапка ракета атылды

0

АКШда Израиль менен Бириккен Арап Эмираттары (БАЭ) менен Бахрейндин ортосунда карым  — катнаштарды калыбына келтирүү келишимдерине кол коюлган минуталарда блокада астындагы Газа тилкесинен Израиль тарабына ракета атылып 2 киши жараланды.

Израиль армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Газадан Израиль тарабына 2 ракета атылып, алардын бирөөсүнүн «Темир Купол» абадан коргоо системасы тарабынан жок кылынгандыгы белгиленди.

Израиль массалык маалымат каражаттары да ракетанын бирөөсүнүн Ашдод шаарына түшкөндүгүн жана 2 кишинин жеңил жаралангандыгын билдирди.

Израиль менен БАЭ жана Бахрейндин ортосунда  түзүлгөн «карым  — катнаштардын калыбына келтирилишине» карата келишимдерге кечээ Ак үйдө кол коюлду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз