Воскресенье, 12 мая

Орусияга чет өлкөлүктөрдүн кирүү эрежеси өзгөрдү

0

Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин чет элдиктер Орусиянын жарандыгы бар жакын туугандары болсо, визаны оңой жол менен ала аларын айтты.

Жакын туугандарга жубайы, ата-энеси, балдары, бир туугандары, чоң ата, чоң энеси же неберелери кирет.

«Мындай тууганы бар адамдар визаны бир жылдык мөөнөткө чейин ала алышат. Ал үчүн чет элдик жарандын тууганы кат менен гана кайрылышы керек», — Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустиндин.

Мындан сырткары, виза алуу укугун сактап калуу үчүн ар үч ай сайын Орусиядан чыгып кайра кирүүнү талап кылган эреже мыйзамдан алынып салынмай болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз