Суббота, 11 мая

Бет кап сизди коронавирустан канчалык коргойт?

0

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун (CDC) директору Роберт Редфилд: «Бет кап коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) сактанууда вакцинага караганда көбүрөөк кепилдүү»,-деди.

АКШ Конгрессиндеги сессияга катышкан Редфилд АКШнын Ковид-19 пандемиясына каршы күрөшүнө баа берди.

Пандемиянын терс таасиринин АКШда дагы деле уланып жаткандыгын жана вакцина табылса дагы мунун пандемияны бир күндүн ичинде токтотпой тургандыгын түшүндүргөн Редфилд, вирусту жуктурбоочу чаралардын маанилүүлүгүнө басым жасады.

Редфилд бет каптын өтө маанилүү экендигин баса белгилеп: «Бизде масканын пайдасы жөнүндө абдан ачык илимий далилдер бар, атүгүл бет каптар Ковид-19дан сактанууда вакцинага караганда көбүрөөк кепилдүү деп айта алам»,-деди.

Вакцинанын баарына бирдей таасир бербеши мүмкүн экендигин белгилеген Редфилд, масканын болсо туура колдонгондордун бардыгын коргой тургандыгын айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз