Пятница, 10 мая

Израилдин БУУдагы өкүлү Эрдогандын сынына чыдабай жыйындан чыгып кетти

0

Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясында Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Израилдин Палестинага карата баскынчы саясатын сындады. Айтылган сындарга чыдабаган Израилдин БУУдагы өкүлү жыйындан чыгып кетти.

БУУнун 75-сессиясына видеоконференция аркылуу катышкан Эрдоган, Тель-Авив Палестинага карата «коркутуу, зордук жана коркутуу саясатын» жүргүзүп жатканын айтты.

Эрдоган «Палестина эли «кылымдын келишими» деп аталган капитуляция документин четке каккан соң, Израиль «сепилди» өзүнүн ичкеридеги достору аркылуу багындыруу аракеттерин тездети», — деди.

Түрк лидер Палестина эли макул болбогон эч бир планды Түркия колдобой турганын баса белгиледи. Эрдоган «Аймактагы айрым өлкөлөрдүн бул оюнга кошулушу, Израилдин эл аралык негизги эрежелерди бузуу боюнча аракеттерине кызмат кылуудан башка мааниге ээ эмес», — деген пикирин билдирди.

«Палестина маселеси 1967-жылкы чек араларга ылайык Чыгыш Иерусалимде көз карандысыз жана эгемендүү палестина мамлекетинин курулушу менен гана чечилет. Маселени башка жолдор менен чечүү пайдасыз, тек тараптуу жана адилетсиз болуп эсептелинет», — деп айтты Эрдоган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз