11-12-мартта Өзбекстандын Фергана шаарында Эл аралык жаштар форуму өттү. Ага үч мамлекеттин: Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын жаштары, бийлик өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришти.
“Келечекти терроризмсиз курабыз” аттуу жаштар форумуна үч өлкөнүн 7 облусунун жаштары барып, достук мамилелерди чыңдоо багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Жыйынтыгында кызматташтык боюнча келишимдер кабыл алынды.
Буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстандын чегаралаш аймактарынын жаштары да Ош шаарында форум өткөрүшкөн. Анда коңшулаштык салтын улантууну көздөшүп, эки өлкөнүн жаштарын түйшөлткөн бир катар маселелер талкууланган.
Өзбекстанда буга чейин да ушуга окшош жыйын жыл башында өткөрүлгөн. Негизинен эки мамлекеттин жаштары достук менен ынтымакты бекемдөө багытында иш алып барышууда.