Воскресенье, 19 мая

Чек арада кыргыз-тажик милициясы биргелешип көзөмөл жүргүзүштү

0

Учурда Кыргыз Республикасы менен Тажикистан Республикасынын укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик органдары биргелешип эл арасында аткарылып жаткан маселелер боюнча түшүндүрүү иштерди тынымсыз жүргүзүү иш-аракеттери көрүлүүдө. Түнү бою кыргыз жана тажик милициясынын биргелешкен патруль тобу чек ара такталбаган аймактарда кызмат өтөштү. Эч кандай мыйзам бузуулар жана тартип бузуулар катталган жок. Абал туруктуу. 15-марттын кечинде Кашкар Джунушалиев күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлери менен жолугушуп, атайын инструктаж өткөрүп, кошумча тапшырмаларды белгиледи. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Министр өздүк курамга коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун сактоого багытталган кызмат өтөө учурунда мыйзамдуулукту сактоо, эч кандай мыйзам бузууларга жол бербөө, тургундарга жардам берүү жана жергиликтүү бийлик органдары менен түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү маселесин койду. Ошол эле учурда милиция кызматкерлеринин шартын, эс ала турган жайын жана тамак-ашына да өзгөчө көңүл бурулду. ИИМдин Басма сөз кызматы

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз