Воскресенье, 19 мая

COVID-19 илдети дагы 158 кишиден аныкталды

0

Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 158 кишиден аныкталды. Бул тууралуу 26-сентябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Анда айтылгандай, жаңы катталган учурлардын 43ү Баткен облусунда, 34ү Жалал-Абад облусунда, 22си Бишкек шаарында, жана 22си Ош облусунда. Чүй облусунда 12, Ысык-Көл облусунда 11, Ош шаарында 9, Нарын облусунда 3 жана Талас облусунда 2.

26-августка карата соңку бир күндүн ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 155 адамды түздү.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдет 46090 кишиге жукту. Анын 42 302 айыкканы айтылды. Вирустан 1063 адам кайтыш болду.

Учурда 658 бейтап стационарда, 1919у үй шартында дарыланууда

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз