Вторник, 7 мая

Украинада учактын кулашынан улам 25 адам каза болду

0

Украинанын Харьков аймагында аскердик учактын кулашынан улам 25 адам каза болду.

Украинанын Башкы прокуратурасынын билдирүүсүндө, Украин армиясына таандык АН-26 үлгүсүндөгү учактын Харьков аймагында кулап түшүшүнө байланыштуу териштирүү башталганы белгиленди. Кырсыктан 25 кишинин каза болгону, 2 кишинин оор жаракат алганы кабарланды.

Буга чейин Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматынын билдирүүсүндө, учакта 28 адамдын болгондугу, 22 адам каза болуп, 2 адамдын жаракат алгандыгы, 4 адамдын изделип жаткандыгы маалымдалган эле.

Өзгөчө кырдаалдар кызматы «учакта 28 адам болгон» деген маалыматты 27 адам деп тактады.

Президент Владимир Зеленскийдин бүгүн аймакка барары маалым болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз