Жергебизде шайлоо кандай өтүп жатат?

0

Республика боюнча чак түшкө карата жарым миллиондон ашык, 624 598 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымына караганда, бул көрсөткүч жалпы шайлоочулардын 17,73 пайызын түзөт.

Аймактар боюнча статистика:

Бишкек — 84 106 же 16,9 пайыз;

Ош — 37 860 же 21 пайыз;

Жалал-Абад облусу — 124 124 же 19,45 пайыз;

Ысык-Көл облусу – 47 971 же 16,5 пайыз;

Нарын облусу 32 миңден ашык же 18,31 пайыз;

Ош облусу – 120 423 же 17,64 пайыз;

Талас облусу – 28 130 же 18,88 пайыз;

Чүй облусу — 99 013 же 16,88 пайыз;

Баткен облусу – 46 610 же 17,45 пайыз.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого өлкөбүздүн президенти жана премьери да катышты. Өлкө башчысы өзүнүн жарандык милдетин Бишкек шаарындагы А.Молдокулов атындагы № 5 улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде жайгашкан № 1327 шайлоо участогунда аткарды. Ал эми премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек шаарындагы № 62 мектеп-гимназиясында жайгашкан № 1105 шайлоо участкасында өз добушун берди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз