Пятница, 22 ноября

Садыр Жапаров премьер-министр, Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңештин төрагасы болду

0

Кечээ, 6-октябрда Достук мейманканасында Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин мүчөлөрүнөн турган жалпы чогулуш болуп өттү. Жыйынга массалык маалымат каражаттарынын кирүүсүнө уруксат берилген эмес.

Көпчүлүк катышкан  жыйында парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков менен премьер-министр Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүү тууралуу каттары көрсөтүлдү.

Бул жыйында Жогорку Кеңештин мүчөлөрү депутат Мыктыбек Абдылдаевди Жогорку Кеңештин төрагасы кылып, Садыр Жапаровду убактылуу премьер-министр кылып шайлашты.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз