Пятница, 3 мая

КТРКнын жетекчиси алмашты

0

Мирлан Самыйкожо КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

6-октябрда КТРКнын байкоочу кеңеши Чынар Капарова менен Мирлан Самыйкожонун талапкерлигин караган. Кароонун жүрүшүндө аталган кызматка байкоочу кеңештин мүчөсү Жылдыз Бакашеванын талапкерлиги көрсөтүлүп, убактылуу директор болуп дайындалган.

Кийинчерээк КТРК бул чечимди кайра карап, директордун милдетин аткаруучу болуп Мирлан Самыйкожо дайындалды.

Ал эми КТРКнын башчысы  Жайнак Үсөн уулу 6-октябрда өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз