Четверг, 19 сентября

Миллиондорду чогулткан «Сапат» салык төлөөдөн качууда

0

Социалдык фонд карызынын бир бөлүгүн кечүүнү сунуш кылган компаниялардын тизмесинде «Золотые пески» пансионаты, арак заводдор, “Сапат” лицейи жана фармкомпаниялар бар. Бул тууралуу 13-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гүлшат Асылбаева билдирди.
— Биз эмне үчүн бул ишканалар Соцфондко төлөмдөрдү төкпөй жаткандыгы боюнча анализ жүргүздүк. Алар тиешелүү сумманы төлөшү үчүн чара көрүү керек болчу. Компаниялар эбегейсиз суммадагы карызды чогултуп, андан соң кечип жиберүүгө жол бербеш керек. Мындан бюджетке 500 млн. сомго жакын зыян келүүдө,- деп кайрылды депутат Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиевге.
Ал Соцфонд аталган компаниялар менен соттошуп, соттун мамлекеттин пайдасына кабыл алган чечимдери бар экендигин айтты. Бирок карыздар жарым-жартылай гана төлөнгөн. Соңунда депутаттар бул мыйзам долбооруна добуш беришпей, Соцфонддун жетекчилиги толук маалымат бергенден кийин гана кароону чечишти.
Эске сала кетүүчү жагдай, Соцфонд эгер карыз болгон мекемелер негизги сумманы төлөшсө, анда пения менен айыптарды кечүүнү сунуштоодо. Мындай карызды кечип жиберүүлөр 2008 жана 2015-жылдары жүргүзүлгөн.
Мурдагы “Себат”, азыр “Сапат” деп өзгөртүлгөн билим берүү мекемелеринин Кыргызстанда ондон ашык лицейлери бар, анда миңден ашык окуучулар билим алышат жана ар бири жылына 3 миң АКШ долларынын тегерегинде төлөшөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз