Пятница, 17 мая

Тилек Матраимов УКМКнын түрмөсүнө киргизилди

0

Бүгүн, 9-октябрда өзбек чек арачылары мамлекеттик чек араны бузгандарды – 1967-жылы туулган Матраимов Тилекти, 1989-жылы туулган Кочкорбаев Зиябиддинбекти жана 1979-жылы туулган Ахмедова Махсуданы кыргыз тарапка өткөрүп беришти.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, бул адамдар 2020-жылы 6-октябрда Өзбекстандын чек ара кызматы тарабынан мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп жатканда кармалган.

9-октябрда УКМКнын тергөө органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин алкагында мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз