Четверг, 2 мая

Садыр Жапаров 6-октябрда сотто акталган эмес

0

Жогорку сот Садыр Жапаров жана анын адвокатынын мурдагы өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыгуу боюнча өтүнүчүн карады.

Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы 9-октябрда билдирди. Маалыматка караганда, иш Жогорку сотто каралып жатканда жараянга катышкан Башкы прокуратуранын өкүлү да Жапаров менен анын адвокатынын өтүнүчүн канааттандырууну суранган.

Натыйжада Кылмыш-процессуалдык кодексинин 442-445-беренеси, 446-берененин биринчи бөлүгүнүн негизинде соттук коллегия Садыр Жапаровго карата мурда чыккан сот чечимдерин жокко чыгарып, кылмыш ишин сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Башкы прокуратурага жиберди.

Эскерте кетсек, буга чейин Садыр Жапаровдун 6-октябрда сотто акталгандыгы тууралуу маалымат айтылган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз