Воскресенье, 19 мая

Армения жана Азербайжан убактылуу тынчтык келишимине кол коюшту

0

Армения жана Азербайжан убактылуу тынчтык келишимине 10-октябрда кол коюшту. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.

Ок атууну токтотуу келишими Москвада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун, ошондой эле Азербайжан жана Армениянын тышкы иштер министрлери Жейхун Байрамов, Зограб Мнацаканяндардын 10 сааттан ашуун убакыт сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында кабыл алынды.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тараптар биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Билдирүүдө: “Эл аралык Кызыл Ай Коммитетинин ортомчулугунун жана критерийлеринин алкагында аскер жана башка барымтадагы туткундарды, ошондой эле каза болгондордун сөөктөрүн алмашуу максатында 2020-жылдын 10-октябрь саат 12:00дөн тарта ок атууну токтотуу жарыяланат” – деп айтылат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз