Воскресенье, 19 мая

Кыргызстанда дагы 298 адамдан коронавирус оорусу аныкталды

0

Бүгүн, 12-октябрга карата Кыргызстанда дагы 298 адамдан коронавирус жана пневмония оорусу аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 59, Ош шаарынан – 33, Чүй облусунан – 13, Ош облусунан – 51, Талас облусунан – 3, Ысык-Көл облусунан – 13, Жалал-Абад облусунан – 40, Баткен облусунан – 86 катталган.

Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 49528ге жетти.

Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 127 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 44 522ге жетти.

Өткөн суткада коронавирус инфекциясынан каза болгондордун жаңы 5 учуру катталды. Жалпысынан каза болгондордун саны 1090го жетти.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз