Воскресенье, 19 мая

“Торугарт” бекети убактылуу жабылды

0

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» бекети убактылуу жабылды. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, көзөмөл бекети аба ырайынын кескин начарлашынан улам Кытай тараптын демилгеси менен 12-октябрда оор жүк ташуучу унаалар үчүн жабык болот.

«Эркечтам» бекети оор жүк ташуучу унаалар үчүн атайын кабыл алынган алгоритмдин негизинде кадимки тартипте иштеп жатат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз