Понедельник, 20 мая

Кара-Кече көмүр кени баштапкыдай иштеп жатат

0

Кара-Кече көмүр кени кадимки калыбында иштеп жатат. Бир күндө орто эсеп менен 3500 тоннага чукул көмүр сыртка чыгарылууда. Бул туурасында аталган мамлекеттик ишканадан кабарлашты.

Маалыматта кен казган жайда абал туруктуу экендиги, калкты камсыздоо үчүн көмүр толугу менен ташылып чыгып жаткандыгы айтылган.

Кечээ, 11-октябрда, «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаев Кара-Кече кенине барып, иштин жүрүшү менен таанышып келген.

Эске салсак, мындан бир нече күн мурда жер көчкү жүрүп жол тосулуп калгандыктан көмүр ташууга убактылуу жол салынган эле.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз