Пятница, 20 сентября

К. Жунушалиев Ак Сайдагы жаракат алгандардан кабар алды

0

16-мартта Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 13-14-март күндөрү ок атуучу куралдан денесинен жаракат алган жарандардын ал-ахыбалы менен Баткен облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүнө барып таанышты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. Министр алардын ден-соолуктарын сурап, кандай кошумча медициналык жардам керек болсо бериле тургандыгын айтып, алардын тез сакайып кетишин каалады. Жаракат алгандардын арасында кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда оң бутуна ок жаңылган Баткен райондук милициясынын айдоочу-милиционери Ж.Улукбек да бар эле. Кашкар Жунушалиев: “Сиздердин тезинен сакайып, аман-эсен үйлөрүңүздөргө, үй-бүлөөңүздөргө барышыңыздарга тилектешмин. Сиздердин тезирээк сакайып кетишиңерге бардык шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беребиз”,-деди. Өз кезегинде Баткен облустук ооруканасынын дарыгерлери денесинен октон жаракат алган эки жарандын жана бир милиция кызматкеринин абалдары туруктуу экендигин жана жабырлангандарга ар тараптуу медициналык жардамдар көрсөтүлүп, тиешелүү процедуралар жогорку денгээлде жүргүзүлүп жаткандыгын белгилешти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз