Пятница, 20 сентября

Баткен-Исфана багытында самолёт уча баштады

0

Баткен-Исфана багыты боюнча биринчи аба каттамы ишке ашырылды. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Мурдараак Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Баткен-Исфана-Баткен убактылуу аба каттамын уюштуруу тууралуу тийиштүү чечими кабыл алынган. Алгачкы каттам 16-мартта саат 13:00дө аткарылып, 83 адам бекер учту. Учуу аралыгы 30 мүнөт. Аны «Tez Jet» компаниясы аткарууда.
Билет баасы 4 жашка чейинки балдарга бекер, 12 жашка чейин 500 сом, чоңдор үчүн 1000 сом.
Аталган авиакаттам жумасына бир жолу (дүйшөмбү күнү) такай учуп турат. Андан тышкары, аптасына эки жолу — жума күнү да учуруу маселеси каралып жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз