Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Садыр Жапаров Кыргызстандын өкмөт башчылыгына шайланды. Ошону менен катар өкмөттүн ал сунуштаган курамы жана структурасы бекитилди.
Жапаров депутаттардын алдында сүйлөп жатып өкмөттүн курамында 15-20% өзгөрүү болорун билдирип, тизмесин жарыялады.
Өкмөттүн курамы:
Жапаров Садыр Нуркожоевич – Премьер-министр
Новиков Артем Эдуардович – биринчи вице-премьер-министр
Сабиров Равшанбек Азатович – вице-премьер-министр
Мамытканов Максат Сүйүналиевич – вице-премьер-министр
Исмаилова Аида Жекшенбаевна – вице-премьер-министр
Аманбаев Бактыбек Абдилашимович – Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси, министр
Муканбетов Санжар Турдукожоевич – Экономика министри
Мукашев Кыялбек Белекович – Каржы министри
Чодуев Эркинбек Урайымович – Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри
Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич – Транспорт жана жолдор министри
Жаманкулов Марат Тургунбаевич – Юстиция министри
Казакбаев Руслан Айтбаевич – Тышкы иштер министри
Ниязбеков Уланбек Омоканович – Ички иштер министри
Ажикеев Бообек Эргешович – Өзгөчө кырдаалдар министри
Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович – Саламаттыкты сактоо министри
Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич – Билим берүү жана илим министри
Кочкоров Улугбек Тойчубаевич – Эмгек жана социалдык өнүгүү министри
Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович – Маданият, маалымат жана туризм министри
Сагынбаев Жыргалбек Калмуратович – Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы
Исмаилов Алтынбек Жапарович – Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башчысы.