Вторник, 7 мая

Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Садыр Жапаров менен жолугушту

0

КР президентинин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Садыр Жапаровдун жолугушуусунда эмнелер талкуулангандыгы тууралуу маалымат берди.

Анын билдирүүсүнө караганда, президент Сооронбай Жээнбеков парламент Жапаровду өлкөнүн өкмөт башчысы кызматына бекиткенден кийин Садыр Жапаров менен жолугушкан.

«Жолугушууда премьер-министр президент токтоосуз кызматтан кетүүсү керек деген талабын койду. Сооронбай Жээнбеков азыркы кырдаалда президенттикти таштап кете албай турганын, бул өлкөгө зыяны тийүүчү күтүлбөстүктөргө алып келиши ыктымал экенин дагы бир ирет баса белгиледи. Ал 2020-жылдын 9-октябрында айткан сөзүндө турарын — кырдаалды укуктук талаага кайтарып, парламенттик шайлоону өткөрүп, жаңы президентти шайлоо жарыяланган соң гана кетерин эске салды», — деп билдирди Стамалиева.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз