Воскресенье, 28 апреля

Бүгүн 388 адамда коронавирус аныкталды

0

Кыргызстанда 15-октябрга карата коронавирус жуккан жаңы 388 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 50 миң 589 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 59

Ош — 55

Чүй облусу – 19

Ош облусу — 50

Талас облусу — 16

Нарын облусу — 1

Ысык-Көл облусу – 19

Жалал-Абад облусу – 86

Баткен облусу – 83.

Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 196 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 45 080ге жетти.

Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 17 адам; Чүй облусунан – 12, Ош шаарынан – 20, Ош облусунан – 40, Жалал-Абад облусунан – 62, Баткен облусунан – 32, Ысык-Көл облусунан – 12.

Өткөн суткада коронавирус инфекциясынан каза болгондордун жаңы 5 учуру: Бишкек шаарынан – 1, Ош облусунан – 2,  Баткен  облусунан – 2  катталды. Жалпысынан каза болгондордун саны 1099га жетти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз