Понедельник, 13 мая

Бишкек шаарына киргизилген өзгөчө абал режими алынды

0

Бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына жыйынга чогулган депутаттар күн тартибине биринчи маселе катары өзгөчө абал режимин алып салууну карашты.

Эл өкүлдөрү Бишкек шаарына кирген өзгөчө абал режимин жокко чыгарды.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 9-октябрь күнү Бишкекке өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча жарлыгын жарыялаган. Аны парламент бекитип бербегендиктен, 12-октябрь күнү кайрадан ушундай эле жарлыкка кол койгон. Натыйжада 13-октябрда парламент дагы колдоп берген.

Жарлыкка ылайык, Бишкектеги өзгөчө абал режими 19-октябрга чейин иштеп, кечки саат 22:00дөн таңкы саат 5:00гө чейин шаар тургундарына сыртка чыгууга чек коюлган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз