Суббота, 4 мая

Сооронбай Жээнбековдун экс-президент макамы сакталат

0

Сооронбай Жээнбековдун экс-президент макамы сакталып калат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев парламенттин кезексиз жыйынында билдирди.

«Кечээ Сооронбай Жээнбеков өз ыктыяры менен ээлеген кызматынан баш тартты. Мындай оор чечимди элдин каны бөөдө төгүлүп кетпесин деп кабыл алганын өзүнүн билдирүүсүндө жарыя кылды. Мындай кадамга ал элдин кызыкчылыгын, өзүнүн кызыкчылыгынан өйдө койгондугу үчүн барды деп ойлойм», — деди ал.

Ал Жээнбеков өз ыктыяры менен кызматтан кетип жаткандыктан анда экс-президент макамы сакталып каларын белгилеп өттү.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз