Суббота, 18 мая

БШК парламенттик шайлоону 20-декабрда өткөрүүгө даярдык көрүүдө

0

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону 20-декабрда өткөрүү максатка ылайык деп эсептейт. Бул тууралуу аталган комиссиянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Боршайком андан тышкары Жогорку Кеңешке шайлоо дайындалганга чейин парламентке өтүү үчүн шайлоо босогосун жана күрөөнү түшүрүү, №2 форма тартиби менен добуш берүү ыкмасын жокко чыгаруу боюнча өзгөртүү киргизүү маселелеринин чечилиши керектигин билдирди.

Депутаттар негизинен шайлоо босогосун жети пайыздан үч пайызга төмөндөтүүнү, беш миллион сомдук күрөөнү бир миллион сомго чейин азайтууну жана №2 форма тартиби менен добуш берүү ыкмасын жокко чыгарууну сунушташкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз