Пятница, 22 ноября

Айыл чарба министрлигине Тилек Токтогазиевдин талапкерлиги сунушталды

0

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү.

Анын талапкерлиги учурда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча коммитетинде каралып жатат.

Учурда Тилек Токтогазиев 30 жашта. Парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен жарышка аттанган.

Мурдагы министр Эркинбек Чодуев бүгүн, 21-октябрда, өз арызын жазып кызматтан кеткен.  Ал өлкөнүн айыл чарба тармагын 2019-жылдын май айынан бери жетектеп келген.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз