Суббота, 18 мая

Казахстан ПЦР-тести жок жүргүнчүлөрдү кабыл албайт

0

Казахстан мындан ары COVID-19 вирусун жуктурбаганын тастыктаган тести жок жарандарды өз аймагына киргизбейт. Бул шарт өздөрүнүн жарандарына дагы тиешелүү.

«26-октябрдан тарта авиакаттамдар менен келген ар бир адам ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү зарыл. Ансыз жүргүнчү бортко киргизилбейт. Тесттин жыйынтыгы жок адамды алып келген авиакомпания ири суммадагы айыпка жыгылат», — деп айтылат билдирүүдө.

Бул шарттын беш жашка чейинки балдарга тиешеси жок экени кошумчаланды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз