Воскресенье, 19 мая

Чыңгыз Айдарбеков мамлекет башчынын кеңешчиси болуп дайындалды

0

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду мамлекет башчынын стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси кылып дайындады. Дайындоо тууралуу маалыматта мындай чечим Айдарбековдун “мамлекеттик жана дипломатиялык кызматтагы кесипкөй чоң тажрыйбасын жана мурда ээлеген кызматтарында жетишилген натыйжаларды” эске алуу менен кабыл алынганы айтылды.

43 жаштагы дипломат Тышкы иштер министрлигин (ТИМ) 2018-жылдан бери башкарып келген.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз