Вторник, 7 мая

Никол Пашинян өз жарандарын «фронтто салгылашууга» чакырды

0

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Фейсбукта билдирүү жасап, өз жарандарын «фронтто салгылашууга» чакырды.

Тоолуу Карабах маселесинин азыркы этапта дипломатиялык жол менен чечүү мүмкүн эмес деп айткан Пашинян:«Биз узак убакыт бою дипломатиялык чечим болбой тургандыгын түшүнүшүбүз керек»,-деди.

Армения армиясындагы оор жоготууларга байланыштуу «элди фронтко чакырган» Пашинян: «Дипломатиялык чечимге келгенге чейин, бардык жарандар колуна курал көтөрүп күрөшүшү керек. Тоолуу Карабахтагы бардык ишкерлер жана студенттер Тоолуу Карабахка кайтып келип, армия кызматына өтүшү керек»,-деген сөздөрдү колдонгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз