Ишкерлер: Биз мындан ары салык төлөй албайбыз

0

Бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин жыйыны болуп өттү. Жыйында Кыргызстандагы жалпы ишкерлердин көйгөйлөрү каралды.
Кытайдан товар ташыган кыргызстандык ишкерлердин бизнеси токтоп, оор абалга түшүп, мамлекетке салык төлөөдө кыйынчылыктар жаралгандыгын «Дордой» комплексинин кесиптик кошуунунун башчысы Дамира Дөөлөталиева билдирди.

Ал кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттериндеги абалга токтолуп, бир күндө 300 автоунаа өтчү бекеттен азыр бештен ашыгыраагы гана өтүп жатканын айтты. Кытайдан күткөн товарлары колуна алты ай кечигип тийип жаткан соодагерлердин ишкердик сезону үзгүлтүккө учурап, бизнесин токтотуп жатышканын белгиледи. Анын айтымында, ишкердик сезон төртүнчү ирет үзгүлтүккө учураганы турат.

«Биздин чыдамыбыз түгөндү. Миңдеген ишкерлердин өтүнүчүн силерге жеткирип коёюн – биз мындан ары салык төлөй албайбыз. Тилекке каршы, ушундай. Ошондуктан тез арада комиссиянын изилдеп чыгуусун талап кылабыз», — деди ал.

Ал «Торугарт» боюнча абалды жөнгө салыш үчүн тез арада Тышкы иштер министрлиги, Мамлекеттик бажы кызматы жана башка тийиштүү органдар катышкан комиссия түзүп, керек болсо Кытай тараптын алдына барып, ишкерлердин товарын алып өтүүгө жардам берүүнү сунуш кылды.

Жыйынга катышып жаткан биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кытай тарап менен соода алакалары боюнча күн сайын сүйлөшүү жүрүп жатканын, жакын арада дагы кеңири талкуу болорун маалымдады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз