Воскресенье, 19 мая

Конституциялык реформага саясатчылар да нааразы

0

VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары мандатынын мөөнөтүн дагы жарым жылга узартып алышты, деп эсептейт мурунку депутат Алмамбет Шыкмаматов.

  • Кечээ Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттик шайлоону артка жылдыруу боюнча мыйзам долбоорду жактырды.
  • Буга чейин БШК парламенттик шайлоо 20-декабрда өтөт деп жарыялаган болчу.
  • Бул мыйзам долбоор Акылбек Жапаров, Талант Мамытов, Канатбек Исаев, Өмүрбек Текебаев, Иса Өмүркулов, Алтынбек Сулайманов, Жыргалбек Турускулов, Нурбек Алимбеков, Өмүрбек Бакиров тарабынан сунушталган.
  • Вице-спикер Мирлан Бакировдун айтымында, 83 депутат мыйзам долбоорду жактырган.

«Кечээ депутаттар саткынчылыкты көрсөтүштү. Тарых муну кечирбейт», — деди саясатчы.

Анын айтымы боюнча, Конституция менен Кыргызстандын эли парламенттин депутаттарын 5 жылга гана шайлаган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз