Акыркы суткада 556 адамдан вирус жаңыдан табылды. Бул тууралуу респубдикалык штабдан билдиришти.
Оору жугузгандардын аймактардагы эсеби:
Бишкек шаарында — 149;
Баткен облусунда – 86;
Жалал-Абад облусунда — 83;
Ош облусунда — 75;
Чүй облусунда — 67;
Ысык-Көл облусунда – 35;
Ош шаарында – 34;
Талас облусунда — 23;
Нарын облусунда — 4 киши.
Кыргызстанда марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 55144 адамды түздү. Алардын арасынан 47 337 бейтап айыгып чыкты.
Акыркы бир суткада COVID-19 вирусунан жана пневмониядан дагы төрт бейтап каза болду.
Алар Бишкек шаарында, Ош, Чүй, жана Баткен облустарында катталды. Ушуну менен COVID-19 илдетинен көз жумгандардын саны 1130га жетти.