Кувейт бийлиги Франциядагы Мухаммад (с.а.в.) пайгамбардын атына тартылган адепсиз карикатураларды жарыялоо уланып жаткандыгына тынчсызданууда.
Кувейт тышкы иштер министрлиги, Эль-Кувейт толугу менен Ислам Кызматташтык Уюмунунун билдирүүсүн колдой тургандыгын белгиледи.
“Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.)дын наамына келтирилген бул түрдөгү кемсинтүүнү саясат аркылуу сүйлөө алдыда өтө зыяндуу кесепеттерге алып барышы мүмкүн” – деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, 16-октябрда Париждин шаар четиндеги Конфлан-Сент-Онорин аттуу шаарында орто мектептин окуучусу мугалими Мухаммад (с.а.в.) пайгамбарды кемсинткен карикатураны көрсөткөндүгү үчүн башын кесип салган.
Кылмышты аткарган окуучуну француз полициясы атып салган.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон болсо Францияда Мухаммад (с.а.в.) пайгамбар тууралуу карикатураны жарыялоодон баш тартпай тургандыктарын билдирди.