Воскресенье, 28 апреля

Бүгүн дагы 568 адамдан коронавирус ооруусу аныкталды

0

Кыргызстанда соңку бир сутканын ичинде 568 адамдан коронавирус аныкталып, 380 бейтап бул оорудан айыгып чыкты. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.

Оору жуктуруп алгандар борбор калаада жана Жалал-Абад, Баткен облустарында көбүрөөк катталууда.

  • Бишкек — 159;
  • Баткен облусу — 129;
  • Жалал-Абад облусу – 120;
  • Чүй облусу – 56;
  • Ысык-Көл облусу – 38;
  • Ош — 29;
  • Ош облусу — 17;
  • Талас облусу — 16;
  • Нарын облусу — 4.

Ошону менен өлкөдө пандемия башталгандан бери COVID-19 жуктуруп алган кыргызстандыктардын саны 56 738ге жетти.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз