Воскресенье, 19 мая

“Реформа” партиясы Конституциялык палатага арыз менен кайрылды

0

“Реформа” партиясы парламент 22-октябрда кабыл алган «Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө мыйзамга каршы Конституциялык палатага кайрылды. Бул тууралуу арыз бүгүн, 28-октябрда берилгенин партиянын өкүлү Рита Карасартова билдирди.

Анын айтымында, бул мыйзам Конституциянын бир нече беренесине дал келбейт.

«Булар бир олтурганда үч окуудан дароо өткөрүп, 20-декабрда боло турган шайлоону кийинки мөөнөткө жылдырып койгон. Бул Конституцияны жана башка көптөгөн мыйзамдарды бузуу менен кабыл алынган деп Конституциялык палатага кайрылдык. Бул бийликти узурпациялоо», — деди Карасартова.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз