Воскресенье, 19 мая

Түркия менен Өзбекстан аскердик даярдоо жана коргонуу жаатында кызматташат

0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев расмий иш сапары менен барган Түркиянын улуттук коргонуу министри Хулуси Акарды кабыл алды.

Жолугушууга Өзбекстандын коргоо министри Баходир Курбанов жана Түркиянын Ташкенттеги элчиси Мехмет Сурейя Эр да катышты.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Акар түрк делегациясынын бул визитин “маанилүү жана маңыздуу” деп баалады. Өкүлдөрдүн билдирүүсүнө караганда эки тарап позитивдүү сүйлөшүүлөр жүргүзгөн.

Акар: “Түркия менен Өзбекстанды тарыхый достук жана бир туугандык мамилелер байланыштырып турат” – деди.

Мындан сырткары Акар Анкара менен Ташкент аскердик даярдоо, ошондой эле коргонуу өнөр жай алкагында да кызматташтыкты кеңейтүү керектигин баса белгиледи.

Буга кошумча Акар FETÖ террор уюму менен күрөшүүдө да биргелешип кызматташуу маанилүү экендигине токтолду. Анын айтымында бул уюм кайсы жерде иш алып барып жаткан болсо ошол мамлекет үчүн өтө кооптуу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз