Пятница, 17 мая

Чек ара кызматы Кызыл чырымдын унаасы боюнча түшүндүрмө берди

0

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Эл аралык Кызыл чырым (Красный крест) комитетинин өкүлдөрүнүн автоунаасына байланыштуу маалыматтарга жооп берди.
Чек ара кызматынын өкүлү Салкын Абдыкариеванын маалыматына караганда, аталган окуя 16-мартта болгон. Кызыл чырым комитетинин белгиси түшүрүлгөн автоунаа Ак-Сай айылына жакын жайгашкан Дача тилкеси аркылуу өтүүгө аракет кылган. Бирок ал аймактагы жолду жергиликтүү тургундар тосуп тургандыктан жана Кызыл чырым комитетинин автоунаасынан тышкары аталган комитетке тиешеси бар-жогу билинбеген автоунаалар болгондуктан өткөрүлгөн эмес.
Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери Кызыл чырымдын өкүлдөрүнө кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды түшүндүргөндөн кийин алар артка кайткан.
Тажикстандын бир катар маалымат каражаттары Кыргызстандын чек ара кызматкерлери эл аралык уюмдун машинесин Ворух анклавына өткөрбөй койгонун жазып жатышат.
Эске сала кетсек, Тажикстандын жарандары тосуп алган Ош-Баткен-Исфана жолу жана кыргызстандыктар бууган Тажикстандын Исфара району менен Ворух анклавына кеткен жолдор дагы эле жабык турат. Сүйлөшүүлөр 14-марттан бери жүрүп жатат. Бүгүн, 18-мартта да уланат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз