Измирдеги жер титирөөдөн 65 саат өткөндөн кийин эки жаш бала куткарылды.
Алгач 3 жашар Элиф Перинчек урандылардын астынан жаралуу каткарылды. Ооруканага жеткирилген Элиф уранды астынан аман-эсен кутулган 106-адам болду. Элиф Перинчек урандылардын астына чыгып келе жатканда куткаруучунун бармагын кармаганы элдин көңүлүн көтөрдү.
Ооруканага жаткырылган Элиф Перинчек видеокамерага кол булгалады
Жер титирөөдөн болжол менен 58 саат өткөндөн кийин 14 жаштагы Идил Ширин урандылардан куткарылган. Азыркы учурда дарыланып жаткан Шириндин абалы жакшы.
Жума күнү Эгей деңизинде саат 14:51де Түркия менен Измир Сеферихисардан 17 километр алыстыкта 6,6 баллдык жер титирөө болгон.
Жер титирөөдө каза болгондордун саны 100гө чукулдады.