Вторник, 21 мая

Садыр Жапаров жарандарды эрежелерди так сактоого чакырды

0

Жарандард санитардык- эпидемиологиялык эрежелерди так сактоосу керек. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Баткен облусунун активи менен жолугушканда билдирди.

Кыргыз Республикасынын премьер-министри коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны Баткен облусунда көп болуп жатканын айтып, тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилерине вирустун жайылышын алдын алуу, бейтаптардын өмүрүн сактап калуу үчүн бир катар тапшырмаларды берди.

«Коронавирус мени өзгөчө кабатыр кылууда. Баткен облусунда абалы кыйын. Ооругандардын саны көп. Учурдан пайдаланып, бардык тиешелүү жетекчилерге кайрыламын: керектүү бардык иш-аракеттерди жасагыла. Уюштуруу иштери, керектүү медициналык каражаттар, дары-дармектер менен камсыздоо иштеринде бир да кемчилик кетпесин», — деди Садыр Жапаров.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз