Вторник, 21 мая

Өкмөт жөөт компания менен келишим түзгөнбү?

0

Бүгүн массалык маалымат каражаттарында С. Жапаровдун аппаратынын атынан кыргызстандык бизнесмен израилдик лоббист менен $1 млн долларга келишим түзгөндүгү тууралуу маалымат тараган. Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү аталган маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын расмий билдирди.

“Аталган маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын гана эмес, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келээрин белгилеп кетебиз”, — деп айтылат билдирүүдө.

Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жеке компаниялардын келишимдерин жөнгө салбаарын жана эл аралык аянттарда өз кызыкчылыгын сүрөөгө муктаж эмес экенин, анткени, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бардык эл аралык уюмдар менен ишенимдүү мамилеге ээ экенин билдирет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз