Понедельник, 20 мая

Садыр Жапаров эл аралык жыйынга катышты

0

6-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Отурум видеоконференция форматында өтүп, Садыр Жапаров Кыргызстандагы коомдук-саясий абал туруктуу экенин, өлкөдөгү саясий жараяндар укуктук жолго түшкөнүн айтып берди. Ошондой эле ал Кыргызстан буга чейинки кабыл алынган чечимдерди, макулдашылган эки тараптуу келишимдердин аткарылышын толугу менен сактай турганын белгиледи.

КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары кызматташтык жаатында бир катар документтерге кол коюшту. Кийинки жыйын 2021-жылдын 28-майында Минск шаарында өтөрү белгилүү болду.

Садыр Жапаровдун бийликке келгенден бери алгачкы жолу эл аралык жыйынга катышты.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз