Понедельник, 20 мая

ЕБги Лукашенкону санкциялар тизмесине киргизди

0

Европа Биримдиги (ЕБ) Белоруссиянын президенти Александр Лукашенкону санкциялар тизмесине киргизди.

ЕБ Кеңешинин билдирүүсүнө караганда, Лукашенко жана анын Улуттук коопсуздук кеңешчиси Виктор Лукашенко баш болгон 15 адам Белоруссияга каршы санкциялардын алкагына кирди. Бул тизмеде Президенттик Администрациянын башчысы Игорь Сергеенко жана Мамлекеттик Коопсуздук комитетинин төрагасы Иван Тертел сыяктуу адамдар дагы бар.

Август айында Белоруссияда өткөн шайлоодон кийин оппозициянын митингдеринин күч менен токтотулушунан улам санкция чечиминин кабыл алынганы белгиленди. Акыркы чечим менен Белоруссиянын администрациясынан санкцияланган адамдардын саны 59га жетти.

ЕБнин санкцияларына саякатка тыюу салуу, мүлктөрүнүн тоңдурулушу жана ЕБнин жарандары менен компанияларынын бул кишилер менен каржылык мамилелерине тыюу салуу кирет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз