Жо Байден президенттик шайлоодон утуп чыкты

0

Жо Байден АКШнын 46-президенти болуп шайланды.

“Америка эли мени президент катары тандап, ишенгени үчүн сыймыктанам”, — деп айтылат саясатчынын билдирүүсүндө.

АКШдагы быйылкы шайлоодо добуш бергендердин саны рекорддук көрсөткүчкө жетти. Пандемия шартында өткөн шайлоо Трамп менен Байдендин ортосунда айыгышкан мүнөздө, атаандаштыкта болуп, 10 миллиондогон киши почта, факс, электрондук почта аркылуу эрте добуш беришти.

Шайлоо жыйынтыгында Джо Байден 290 тандоочунун добушун алган. Ал эми шайлоодо жеңиш үчүн 270 добуш жетиштүү.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз