Четверг, 21 ноября

Иракта жүздөгөн мамлекеттик ишкерлер иш таштоону башташты

0

Иракта жүздөгөн мамлекеттик кызматкерлер эки айдан бери айлык маяналары берилбегендиктен каршылык көрсөтүү максатында жалпы иш таштоо башташты.

Дияла , Бабил, Ел  —  Мүсенна, Зикар жана Кербела шаарларында саламаттык сактоо, нефть, тейлөө жана билим берүү тармактарында иштеген жүздөгөн мамлекеттик кызматкер иш таштады. Мамлекеттик кызматкерлер айлык маяналары берилгенге чейин иш таштоону улантышарын билдиришти.

Нефть экспорттогон өлкөлөр уюму OPECтин курамындагы Сауд Арабиядан кийин чийки мунай өндүрүшүндө 2 — орунда турган Ирак дүйнөлүк рынокто мунайдын баасынын төмөндөшүнөн улам экономикалык кризис жашап жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз