Понедельник, 6 мая

Эльвира Сурабалдиева коронавируска каршы дары-дармек запасын камдоо иштери менен таанышты

0

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, Эльвира Сурабалдиева Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун коронавирусту дарылоого зарыл болгон дары-дармек каражаттарынын запасын камдоо иштери менен таанышты.
Анын сөзүнө караганда, кечээ, 9-ноябрда мамлекеттик материалдык резервдин кампалары текшерилди, бүгүн жеке фармакологиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурулуп, дары-дармектин запасы жана баа саясаты талкууланат.

Сурабалдиева белгилегендей, COVID-19 пандемиясынын биринчи толкунунда өлкөдө дары-дармек тартыш болуп, эки ай карантин учурунда коронавируска чалдыккандардын саны көбөйүп өкмөт даярданганга жетишпей калган.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы быйыл март айында башталган. Оорунун биринчи толкуну июль айына туш келип, миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылган. Октябрь айынын ортосунда коронавирустун экинчи толкуну башталды. Дарыгерлер күн сууктап, сезондук сасык тумоо башталганда абал оорлошу ыктымал экенин айтып жатышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз