Пятница, 17 мая

Азербайжан калкы Тоолуу Карабак чырынын бүтүшүн майрамдап жатышат

0

Азербайжандын тургундары Армян-Азербайжандын Тоолуу Карабак чырына чекит койгон келишим түзүлүшүн куттуктап жатышат. Ильхам Алиевдин элге кайрылуусунан кийин Азербайжан жарандары Түркия жана Азербайжан желектери менен көчөгө чыгышты.

Азербайжандын катардагы жарандары Азербайжан, Орусия жана Армения лидерлеринин келишим тууралуу билдирүүсүн “ Азербайжандын жеңиши жана Армениянын жеңилүүсү” катары кабыл алышты.

Келишимге ылайык Армения бир ай ичинде аскерлерин Азербайжандын Лачин, Кельбаджар жана Агдам райондорунан алып чыгып кетүүсү боюнча милдеттендирилди.

Бул жеңишти майрамдоо түнү бою улантылып, Баку шаарында да майрамдалды. Элдер бийлеп жана кубанычтан көз жашын токтото албай турушту.

Ал эми экинчи чоң шаар болгон Гянджаде болсо миңдеген элдер Эркиндик аянтына чогулушуп, улуттук лидер Гейдар Алиевдин эстелигине гүл коюшту.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз