Суббота, 18 мая

 Саламаттыкты сактоо министри: Медицина кызматкерлеринин айлыгы көбөйөт

0

Жакынкы арада медицина кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Биринчи радиого» берген интервьюсунда билдирди.

«Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров мага саламаттыкты сактоо министри кызматын сунуштаганда мен 4 көйгөйдү чечеримди айткам. Жапаров менин сунуштарыма макул болгон. Эң биринчи маселе медицина кызматкерлеринин айлыгы боюнча эле. Биз бул боюнча өкмөткө 3 вариант жибердик. Жакынкы арада медицина кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт», — деди министр.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз